Жантөрө Сатыбалдиев: "Улуттук "Ден соолук" программасына 50 миллион доллар грант бөлүнүшү мүмкүн"
Премьер-министр быйылкы жылдын май айында өкмөт тарабынан улуттук "Ден соолук" программасы кабыл алынганын айтты. Программа саламаттыкты сактоо тармагын реформалоого багытталып, беш жылга эсептелинген. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн Саламаттыкты сактоо саясаты боюнча форумуна катышып жатып: "Аталган программаны ишке ашыруу үчүн донордук коомчулук тарабынан алдын ала 50 миллион доллар грант бөлүп берүү жактырылган. Каражат Дүйнөлүк банк, БУУнун "Өнүктүрүү" программасы, Кызматташуу боюнча швейцариялык бюро сыяктуу донордук уюмдар тарабынан бөлүнөт",- деди.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

