super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз Премьер-Лигасынын эң мыкты бомбардири ким болот?

 

Кыргыз-Премьер-Лигасында (КПЛ) учурда бишкектик "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев бомбардирлердин сап башында келүүдө (8 гол). Бирок ал атаандаштарынан бир гана гол айырмачылыгында астыда.

Мирлан Мурзаевдин артынан эле Оштун "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу Жоэль Кожо жана "Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу Максат Алыгулов 7 голу менен келе жатышат. Эльдар Молдожунусов (“Нефтчи”) алты голду атаандаштарынын дарбазасына таамай багыттаса, Бекжан Сагынбаев, Эрнист Батырканов (экөө тең “Дордой”) жана Максат Алимов (“Каганат”) 5тен гол киргизишти.

КПЛдин аяктаарына 2-тур калды. Эртең, 1-октябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын 13-турдук оюндары өтөт (КПЛ 14 тур менен аяктайт).

Саат 11:00до орун алчу "Дордой" - "Алга" беттешинде "Дордой" командасы жеңишке жетсе мөөнөтүнөн мурда КПЛдин чемпиону аталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: