super.kg logo

Ленин РИИБи штабдын 49 жылдыгын белгилешип, кызматкерлерин сыйлады

 

Бүгүн, 30-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы штаб бөлүмдөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 49 жылдыгын белгилешип, кызматкерлерди сыйлады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов өз атынан жана жеке курамдын атынан штабдын инспекторлорун кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады. Андан соң аларга Ардак грамоталары тапшырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда Ленин РИИБинде эки инспектор иштейт. Күн сайын алар оперативдик кырдаалды талдап, алдын алуу чараларын иштеп чыгышат жана башкаруу чечимдеринин долбоорун даярдашат.

Белгилей кетсек, жыл сайын 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штабынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: