super.kg logo

Фотоальбом: "Даңазалуу доор" сериалында Бали бейдин ролун жараткан Бурак Өзчивиттин балалык чагынан бүгүнкү күнгө чейинки жашоо сүртүмдөрү сүрөттөрдө

 

Мезгил, убакыт баарын өзгөртөт, адамдардын арасында да убакыттын өтүшү менен таанылгыс болуп өзгөргөндөр көп. Баарына эле жакшы тааныган адамдардын бала кези, өспүрүм курагы, айтор мезгил аны кандай өзгөрткөнү кызык. SUPER.KG порталынын бул жолку "Фотоальбом" рубрикасында түркиялык актёр, модель Бурак Өзчивиттин сүрөттөрүн тизмектеп беребиз.

Актёр, модель Бурак Өзчивит 1984-жылы 24-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Стамбулдагы Мармара университетинин көркөм искусство факультетин аяктаган. 2003-жылдан баштап модель болуп иштеп баштаган. Ал эми кино тармагына 2006-жылдан тарта киришкен. 2003-жылы "Түркиядагы эң мыкты модель" наамын жеңип алган. 2005-жылы "Дүйнөдөгү эң мыкты модель" сынагында экинчи орунду багындырган. "Даңазалуу доор", "Түбөлүк сүйүү", "Боз торгой", "Кайра жаралуу: Эртугрул" жана башка телесериалдарда мыкты ролдорду жараткан.

Актёрго "Боз торгойдо" Кямрандын жана "Даңазалуу доор" сериалында Бали бейдин ролу дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Актёрдун бир эжеси бар.

Бурак Өзчивиттин балалык чагы.

Актёрдун окуучулук кези.

2003-жыл. Бурак Өзчивиттин моделдик карьерасынын башталышы.

2006-жыл

2011-жыл. "Даңазалуу доор" телесериалына тартылып жаткан кези.

2013-жыл

2016-жыл

2018-жыл

2019-жыл

2020-жыл

Бурак Өзчивит актриса Фахрие Эвжен менен 2017-жылы баш кошкон.

Актёр үй-бүлөсү менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун пара
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: