super.kg logo

Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагындагы келишимдер жөнгө салынат”

 

“Кыргызстанда өндүрүш жана айыл чарба тармагына басым жасоо менен экономиканын өнүгүүсүнө салым кошсо болот”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев Талас жергесинде болгон үгүт кербенинде айтты.

“Өлкөбүздө мактана тургандай тармак жокко эсе. Нефть, газ сыяктуу байлыктарыбыз да жок. Биз өндүрүшкө, айыл чарбага, билимге, маданиятка көңүл бөлүп, бул тармактарды өнүктүрүшүбүз керек”, - деди талапкер.

Ал партиянын программасында айыл чарба министрлигин оптималдаштыруу, инновацияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көргөзүү программасын иштеп чыгуу каралганын кошумчалады.

Рамис Мамбеталиев тоо-кен тармагынын абалы тууралуу кеп козгоду.

“Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Инвестиция тартуу көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Бирок инвесторлор менен келишим түзүп иштешкен күндө деле жергиликтүү эл буга нааразы. Буга кен байлыктардын мамлекетке пайдасы тийбегендиги, эл аралык экологиялык нормалардын сакталбагандыгы жана ал жерде иштеген кызматкерлердин эмгек укугу корголбогондугу себеп”, - деди ал.

Рамис Мамбеталиев партия шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, биринчи кезекте тоо-кен тармагы элдин пайдасына иштей тургандыгын убада кылды.

“Тоо-кен тармагындагы келишимдер, экологиялык долбоорлор, эмгек мыйзамдары жана ички тартиптер жөнгө салынат”, - деди ал.

Бир Бол! №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 30-сентябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: