super.kg logo

Эмне үчүн "БИРИМДИК"? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп

 

Эмне үчүн «БИРИМДИК»? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп:

  1. Бардык жакшы нерселер биригүүдөн куралат, түзүлөт, уланат. Бириккен эл гана өсөт, өнүгөт. Манастан калган башкы нуска - эл-журттун ажырагыс биримдиги. Ошон үчүн “Биримдикти” колдойлу!
  2. Биримдик үй-бүлөбүздөн тартып бардык жерде болушу үчүн “Биримдикке” добуш берели!
  3. Биримдик – бул ички, сырткы тыгыз интеграция аркылуу коопсуздукта ишенимдүү өнүгүү. Кыргызстандын туруктуу өнүгүп, эли бай-бакубат, бактылуу жашаган өлкөгө айлануусу үчүн “Биримдикке” добуш берели!
  4. Евразиялык тандоо - үч миң жылдык тарыхы бар бабаларыбыздан калган. Ал тандоонун тууралыгын өткөн мезгил ырастады. Ошондуктан евразиялык интеграцияны жактаган “Биримдикке” добушубузду берели!
  5. Ар бирибиз коомубузда социалдык адилеттүүлүк, теңдик, чындык бекем орношун каалайбыз. Аны ишке ашырууну максат кылган “Биримдик” үчүн добуш берели!
  6. «Биримдик» - бул коррупцияга каршы элдешкис күрөш. Кыргызстанда коррупциянын тамыры биротоло кыркылышы үчүн “Биримдикке” добуш берели!
  7. «Биримдик» - бул кесипкѳй, жаратман, мекенчил жана мамлекетчилдердин биримдигинен түзүлгѳн партия. Беш жылдык жашообуз мамлекетчилдердин колунда болсун десек, «Биримдик» партиясына добушубузду берели!

«Биримдик» партиясы шайлоо бюллетенинде №1

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: