Ысык-Көл облусунда шайлоочуларга акча таратуу боюнча факты аныкталып, 5 адамга карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды
Социалдык тармактарга тараган "Ысык-Көл облусунун аймагында шайлоочуларга карата акча таратуулар көбөйүп жатканы жана жетим балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү" деген маалымат текшерилип, анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси менен катталганы маалымдалат.
"Буга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан 5 адам жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары социалдык тармактарда бир партиянын баннеринин үстүнө башка бир партияныны өкүлдөрү өздөрүнүн үгүт баракчаларын чаптап кеткен факты аныкталган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында М. уулу Р. жана А. уулу М. аттуу жарандар бул ишке шектелип кармалган. Шектүүлөр "үгүт материалдарын жок кылуу же бузуу" беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды" , - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
PFC-CSKA

30.09.2020. 21:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы партиянын атынан бериптир ошону жазсанар жакшы болмок
Mister-X

30.09.2020. 23:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликчил партия болсо керек,эгер оппозизиялык партия болсо эчак ачыкка чыкмак.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.