Экономика министрлиги көмүргө болгон бааны көзөмөлдөө үчүн убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү сунуштады
Өлкөнүн Экономика министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү сунуштоодо. Долбоор өкмөттүн коомдук талкуусуна коюлду дешти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
Анда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү максатында киргизилген өзгөчө кырдаал режими, өзүн изоляциялоо жана чектөөлөр калктын материалдык абалына терс таасирин тийгизгенин белгилешет. Мындан улам Экономика министрлиги көмүрдүн баасынын жогорулоо темпин ооздуктоо, калкты күйүүчү май менен өз убагында жана туруктуу камсыздоо үчүн убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү зарыл деп эсептейт.
"Монополияга каршы мамлекеттик кызматы жыл сайын көмүр казуучу ишканалар үчүн көмүрдүн дүң баасын белгилейт, бирок көмүр акыркы керектөөчүгө ортомчулар аркылуу жогорулатылган баада жетет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Өкмөт социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу кызматын 90 күнгө чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.