super.kg logo

Мырза-Аке айылында эки жаран уруша кетип, бири экинчисине бычак сайган

 

Ош облусунун Өзгөн районунда эки жашоочу сөз талашып уруша кетип, бири экинчисине бычак сайган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Мырза-Аке айылында 30-сентябрь күнү болгон. Өзгөн РИИБине 25 жаштагы тургун учтуу нерседен алган жаракатынын негизинде ооруканада каза болгону маалымдалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Териштирүү ишинде маркум шектүүнүн инисин урушуп койгон. Мындан улам шектүү инимди эмне себептен урушасың деп экөөнүн ортосунда чыр чыгып, үйүнөн ала келген бычагы менен маркумду артына бир канча жолу сайган. Натыйжада жабырлануучу ооруканада каза болгон. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: