super.kg logo

Кино сүйүүчүлөр күтүп жаткан "Аватар-2" тасмасы 2022-жылы көрсөтүлөрү айтылды

 
"Аватар-2" кинотасмасын тартуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу тасманын режиссёру Жеймс Кэмерон маалымат булактарына билдирген.

"Биз тасманын экинчи бөлүгүн тартуу иштеринин 100 пайызын, үчүнчү бөлүктүн 95 пайызын аткардык. Фильмдин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнүн уландысында башкы каармандар Жейк менен Нейтиринин 8 жаштагы кызы болот. Жаңы кинодогу негизги көрүнүштөрдүн бири баланын көз карашы менен көрсөтүлгөн ата-энелердин ортосундагы чырдын эпизоду болот", - деген режиссёр.

Жеймс Кэмерондун айтымында, тасманы тартуу иштери коронавирус пандемиясынын кесепетинен үзгүлтүккө учураган. Мындан улам кинотасманын премьерасы 2022-жылдын 16-декабрына жылдырылганы айтылат маалыматта.

Фантастикалык драма жанрындагы "Аватар" тасмасы 2009-жылы чыгып, бюджети 237 миллион долларды түзгөн. Тасма дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда 2,7 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен негизинен фантамтика жанрындагы кинолорун фанаты эмесмин. Бирок "аватар" аябай жаккан. Экинчиси да биринчисиндей кызыктуу болсо керек деп ойлоймун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: