super.kg logo

6-октябрдан тарта мектепке. Өлкөдө 1-6-класстын окуучулары салттуу түрдө окуй баштайт

 

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты.

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.
Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтуруп турушун уюштуруу шарт.
Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Ошондой эле билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы.
Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок. Окуучулар, ата-энелер жана кызматкерлер арасында өздүк гигиенаны сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген жүгүртмөгө (расписание) ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча (мисалы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта, мисалы, 1-2-класстарда сабактын башталышы 8.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да жана башка), 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде (мисалы 1,2,3- класстар – 1-нөөмөттө, 4,5,6-класстар 2-нөөмөттө) окушат. Ашканада тамактануу процесси да нөөмөт менен уюштурулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
01.10.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн соннун!!!
01.10.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткен облусунда да мектептер ачылат экенби а.Азырынча ачылбай турганы дурус болмок.Вирус Баткенден коп чыгып жатпайбы.
02.10.2020. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачылсын тезиреек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: