super.kg logo

Белгилүү обончу жана аткаруучу Черикчи Бакасов 80 жаш курагында дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу жана аткаруучу Черикчи Бакасов 80 жаш курагында дүйнө салды. Ал бүгүн, 30-сентябрда каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Черикчи Бакасов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында 1940-жылы 17-февралда туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун айылдык клубдун башчысы, китепканада кызматкер болуп баштаган. 1961-2001-жылдар аралыгында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жигердүү эмгектенип, ардактуу профессор наамына ээ болгон. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп да үзүрлүү эмгектенген. 2002-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана №1 интернат-гимназияда музыка мугалими болуп иштеди.

Черикчи Бакасов чыгармачылык жолунда алгач ирет 1957-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалында лауреат болгон. 1958-2004-жылдар аралыгында хор менен эмгектенип, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактарда бир нече жолу байгелүү орундарды багындырган.

Черикчи Бакасовдун чыгармачылык ишмердүүлүгү коомчулук жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы “Эл агартуунун отличниги” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланып, 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон.

Черикчи Бакасов “Бегимайдын ыры”, “Жаздын көркү”, “Көл көктөмү” “Нарын кечтери”, “Сага” жана башка бир топ ырларга, өзүнүн калемине таандык “Жүрөк сагынычы”, “Куса болдум” аттуу чыгармаларга мукамдуу обондорду жараткан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Черикчи Бакасовдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: