"Ооруканага жетпей жолдо жан беришти". Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки жаран каза болду




Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кочкор районунда 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Чат тилкесинде оор жүк ташуучу ГАЗ-53 унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын ичинде эки жаран кыпчылып калган. Алардын бири 1960-жылы туулган эркек киши, экинчиси 1964-жылы туулган аял киши. Куткаруучулар жарандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kulubaev91

01.10.2020. 14:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда дегени ушулда жаткан жерлери жайлуу болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.