super.kg logo

"Уулум, мен сени жакшы көрөм". Армениянын премьер-министринин баласы кагылышуу болуп жаткан Карабахка кетти

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын уулу Ашот кагылышуу күчөп жаткан Тоолуу Карабахка кетти. Бул тууралуу премьер-министрдин жубайы Анна Акопян журналисттер менен жолугушууда билдирген.

"Ооба, уулум, формаңды кий дагы жөнө. Мен сени жакшы көрөм. Бирок мекен үчүн өлгөндөн артык эч нерсе жок", - деп айткан уулуна Акопян.

Армения өкмөтүнүн бирдиктүү маалымат борбору Тоолуу Карабахта кечээ, 30-сентябрда болгон салгылашуу учурунда армян тарап 23 адам каза болгондугун билдирди. Ереванда курман болгондордун жалпы саны 104 деп болжолдонууда.

Мындан тышкары Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүнө таандык сегиз "Град" ракеталык системинин жок кылынгандыгын жарыялады.

Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.10.2020. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уулум мен сени жакшы көрөм дегенге баш жэтти : а СОГУШТАН ким пайда көрүп жатат дегенге баш жетпегени чатак
01.10.2020. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен кечээ эле бийликтегилердин балдары согушка барууга аргасыз болсо тынч чечишууго мажбур болмок деп жазган элем. Эми эмне дээримди билбей калдым. Карабах Азербайжанга таандык жер экен. Кандай болсо да оз жери оздорундо калса жакшы болмок.
01.10.2020. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
akmanai,тарыхка кайрылсак Карабах негизи озунчо олко ал жердин Эли башка армяндын дагы жери эмес азердики дагы эмес
01.10.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азербежанга оттушун каалайм карабах мурунтан армяндар провакация кылып келет Эрдоган молодец жон карап турбай колун сунду
02.10.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында Турктор геноцид калып 1 миллион армиянды олтургон . Эми Карабахты талашып атышат . Кыргыздар силерге эмне жок ? Мусулан болсо эле болду экен силерге Азербайджандар Мусулман болсо эле аларга тарапташ боло бересинерби ? Логика деген каяакта ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: