Өлкөдө жашы 63 жаштан өйдө курактагы эркектердин саны 158 миң, аялдардын саны 368 миңге жакын экени айтылды (статистика)
2020-жылдын башына карата өлкөдө жашы 63 жаштан өйдө курактагы эркектердин саны 158 миң, аялдардын саны 368 миңге жакын адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу жылына көбөйүп бара жатканы маалымдалат.
"Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 100 миңге көбөйдү. 2020-жылдын башында Кыргыз өлкөсүндө эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы 526 миң адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 209 миң адамга же 2,3 эсе көп.
Ушул жагдайдан алганда, эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору. 2019-жылы эркектердин күтүлүп жаткан өмүрүнүн узактыгы 67,6 жаш болсо, аялдардыкы 75,8 жашты түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

