super.kg logo

№4 "Мекеним Кыргызстан" партиясы – карыларга кам көргөн партия

 

1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда, быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күнү улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды.

"Мекеним Кыргызстан партиясы жыл сайын бул күнү улгайган адамдарга – чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коёбуз деген куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот", - дейт "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери Улан Садалиев.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: