super.kg logo

Мэрия: "Урматтуу эмес ишкерлер, жакында сууңарды өчүрөбүз!"

 
Ишкерлер "Бишкек суу канал" ишканасына 57 миллион сомдун тегеригиндеги карызын төлөй элек. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта "Бишкек суу канал" ишканасынын дебиттик карызы 152 миллион 696 миң 995 сомду түзгөнү айтылат.
"Таза суу үчүн жалпы карыздын ичинен бюджеттик уюмдардын - 5 миллион сомдон ашык, шаардыктардын 90 миллион сомдон ашык карызы бар.
Бирок эң эле көп суммадагы бересе ишкерлер менен соодагерлерге жазылган. Арасында Сокулук жана Аламүдүн райондорунун айылдык аймактары дагы бар.
Карантин маалында "Бишкек суу канал" бир дагы мүнөт таза суу берүүнү токтоткон эмес. Ишкана социалдык маанилүү объектилерди, оорукана, бейтапкана жана турак үйлөрдү суу менен камсыз кылып жатты. Шаардыктардын социалдык абалын түшүнүү менен кабыл алып, дебиттик карыздарды туум жок жазышты. Шаардын тургундарын жана ишкерлерди карыздарынан кутулууга чакырабыз. Дебиттик карыздар жабылбаса, сууну өчүрүүгө мажбур болобуз", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, дүйнө жүзү боюнча 844 миллион адам таза суу колдонууга мүмкүнчүлүгү жок.

--






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: