super.kg logo

Нурбек Алимбеков, "Кыргызстан" №15: "Биз элге жардам берүү үчүн Жогорку Кеңешке аттандык"

 

Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапке Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты.

“Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”, – деди Алимбеков.

Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди.



“Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков.

Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: