Бүгүндөн тарта идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери финансылык операцияларды жүргүзө албайт
Мындан кийин электрондук капчык жана же агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүү 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланган кардар-колдонуучуларга гана жеткиликтүү болору маалымдалат.
"Бул чечим жашыруун транзакцияларды ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын аткаруу максатында кабыл алынды.
2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар электрондук акча системасынын операторуна же төлөм уюмунун агентине кайрыла алышат. Мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору, же электрондук акчалардын банк-эмитенти электрондук акча системасынын операторунан боло алышат" , - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
Идентификацияланган электрондук капчык – бул ээси Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык.
Идентификацияланбаган электрондук капчык – мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен аралыктан туруп жеке адамдар тарабынан ачылган электрондук капчык.

