"Дордой" клубу 12-жолу футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону аталды



Бишкектик "Дордой" футболдук клубу футбол боюнча 12-жолу өлкө чемпиону болду. Чемпиондуктун бүтөрүнө 1 тур калганда "Дордой" клубу турнирдик жадыбалдагы башкы атаандашы "Алга" клубунан 6 упай озуп кетти.
Муну менен башкы машыктыруучу Александр Крестининдин командасы үчүнчү жолу удаасы менен жана клубдун тарыхында 12-жолу футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону аталды.
"Дордой" (Бишкек) - "Алга" (Бишкек) (5:1);
Голдор: Шило (14, 25-мүнөттөрдө), Сагынбаев (45-мүнөттө), Шаарбеков (54-мүнөттө), Бөрүбаев (76-мүнөттө), Жыргалбек уулу (90-мүнөттө).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.