super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Сары изине чөп салып, саргара кууп алыптыр". Сиз кандай түшүндүңүз?

 
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.

1. Сары изине чөп салуу - артынан сая түшүү, катуу куугунтукка алуу, такай аңдып калуу. Мисалы: Сары изине чөп салып, саргара кууп алыптыр. ("Манас")
2. Кабыргага таш батуу - аябай жазалоо, кордук көрүү, абдан оор абалга дуушар кылуу. Мисалы: Кайран эл тентип кеткенде кабыргама таш батты. (Т.Молдо)
3. Деси кайтуу - көңүлү калуу, шагы сынуу, баштагыдай болбой басаңдай түшүү. Мисалы: Улуу кишилердин деси кайтпасын, шагы сынбасын. (Т.Сыдыкбеков).

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: