super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн 150 студенти Венгриянын окуу жайларында акысыз билим алат

 

150 кыргыз студенти Венгриянын окуу жайларында акысыз билим алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде Кыргыз өлкөсүнүн 150 студентин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылдан тарта Венгриянын адам ресурстары министрлиги менен Кыргыз жарандарынын Венгриянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери боюнча кызматташып келет. Алгач келишимге ылайык, жылына 25 студентти окутуу ишке ашып келсе, 2019-жылдан тарта Венгрияда окууга кызыкдар жарандардын көбөйүшүнө байланыштуу, студенттерди окутуу 75 орунга (30 бакалавр, 30 магистратура, 15 докторантура) көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Окууга кабыл алынган студенттерге Венгрия тараптан жаратылуучу шарттар:

- акысыз окутуу: магистратура, бакалавр (айыл чарба, социалдык илимдер, маалыматтык технологиялар, экономика, техника, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары) жана докторантура (бардык багыттар);

- толук окуу мезгили ичинде ай сайын стипендия берилет: бакалавр жана магистратура – 40 460 форинт (120 евро), докторантура 140 0000 форинт (415 евро);

- жатаканадан орун берүү же үй-бүлөлүк турак үчүн 40 000 форинт (120 евро) төлөп берүү;

- медициналык камсыздандыруу.

Венгриядагы эң популярдуу жана таанымал университеттер болуп Будапешттеги Корвин университети, Этвеш Лоранд университети, Дебрецен университети, Печ университети, Ыйык Иштван университети жана Будапешт технологиялар жана экономика университети саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: