super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Шайлоо өнөктүгү идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын"

 

Бүгүн, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.

"Эртең шайлоо алдындагы үгүт иштеринин акыркы күнү. Шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554 болду. Шайлоо өнөктүгү идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын. Бир нече материалдар катталды. Шайлоонун эрежелерин бузуу боюнча фактылар катталганын билесиздер. Териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча Башкы прокуратура маалымат берди. Шайлоо өнөктүгү тынч өтүп жатканы эл аралык байкоочулар тарабынан белгиленди. Бардык партияларга тең укуктар каралды. Аравандагы окуяны кошпогондо чагымчылдык иштерге алдырбай өлкөбүздө тынч өткөнүнө ыраазычылык билдирем. 4-октябрдан кийин дагы тынч болушун каалайм", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: