Ленин РИИБи милициянын ардагерлерин Карылар күнү менен куттуктады





Бүгүн, 1-октябрь - Карылар күнүндө Бишкек шаарынын Ленин РИИБи милициянын ардагерлерин бүгүнкү майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу ардагерлер, сиздердин көпчүлүгүңүздөр тажрыйбаңыздарды жаштарга үйрөтүп, биздин бөлүмдүн коомдук иштерине жигердүү катышып келе жатасыздар. Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздер бардыгыбызга үлгү", - деп ардагерлерди Ленин РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов куттуктады.
Мындан тышкары, майрамдын урматына ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан соң Ленин РИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Ишен Үсөнакунов Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине туруктуу жана ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн кесиптик узак жылдык тажрыйбаларын укук коргоо органдарынын учурдагы муунуна өткөрүп берүү боюнча иш-аракеттерин улантышарына ишендирди.

