super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” долбоору боюнча биргелешкен ишкана курууда бардык жоопкерчилик менин моюнумда”

 

“Кумтөр” долбоору боюнча биргелешкен ишкана курууда бардык жоопкерчилик менин моюнумда”. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда “Республика” фракциясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. “Эгерде жок дегенде 51 пайызды алууга мүмкүнчүлүк болсо, анда биз ал мүмкүнчүлүктү колдонмокпуз. Эгер кимдир бирөө мага ошол жолду көрсөтсө анда мен ал адамга кызмат кылууга, кагаздарын ташып, анын алдындагы жерди шыпырууга даярмын”,- деди өкмөт башчы.

   

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: