super.kg logo

Жоомарт Жолдошев, "Бир Бол" №13: “Эски системадан тазаланмайынча, келечекте жаркын жашоо болбойт”

 

“Эски системадан тазаланмайынча, келечектеги жаркын жашоону көрө албайбыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев бүгүн, 1-октябрда Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгин тазалоо учурунда айтты.

“Жаштардын ою, пикири, каалоосу, үмүтү буга чейинки 30 жылдан бери келе жаткан эски системадан, анын ичиндеги курал катары колдонуп келишкен саясатчы, аткаминерлерден арылуу. Алардан тазаланмайынча келечектеги жакшы жашоону көрө албай калдык. Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди деген белгини бергибиз келди. Алдыда жеңишке жетебиз, себеби биздин кылган ишибиздин багыты туура. Элге жакпаган системаны жок кылып, жакшылыкка алып барууну көздөп жатабыз”, - деди Жоомарт Жолдошев.

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат.
“Бир Бол” №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: