super.kg logo

Жодар Сайдилканов, "Бир Бол", №13: "Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек"

 
“Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди.


Ал партиянын курамындагы жаңыланууларга токтолуп, команда тазалануу процессин шайлоодон мурда эле баштаганын айтты.

“Партиянын курамы 97 пайызга жаңы жүздөр менен толукталды. Мурда саясатка эч качан аралашпаган таза, ак ниеттүү адистер чогулду. Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек. Биз жаңы деңгээлге таза чыгуу үчүн шайлоого аттандык. Тазалануу аракети Жогорку Кеңештин, аткаруу, сот бийлигинин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо эл күткөн саясат жүрө баштайт”, - деди Ж.Сайдилканов.

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: