super.kg logo

"Реформа" партиясынын атынан жөнөтүлгөн билдирүү боюнча БШКнын мүчөсү Башкы прокуратурага кайрылды

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева "Реформа" партиясынын атынан келип жатат делген СМС билдирүүлөр боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Гүлнара Журабаева өзү тастыктады.

"Мен Башкы прокуратурага БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобу аркылуу кайрылдым. Кимдир бирөөлөр "Реформанын" атынан билдирүү жөнөтүүнү уюштурушуптур. Буга карата Башкы прокуратура юридикалык баа берет деп ойлойм", - дейт Журабаева.

Ал эми "Реформа" партиясынын өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчаларына: "Бул жалган маалымат жана провокация. Биз уюлдук телефондун операторлорунан тез арада иликтөө жүргүзүшүн талап кылабыз", - деп жазышкан.

Эске салсак, бүгүн уюлдук операторлордун абоненттерине "Реформа" партиясы ЛГБТлардын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) укугун коргойт деген маанидеги билдирүүлөр келип жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: