Каймана аты "Баха, базар-коргондук". Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды
Жалал-Абадда 60 жаштагы тургундун ишеничине кирип 110 миң сом акчасын алып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин Жалал-Абад ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 22-сентябрда Базар-Коргон районунун А.Ш. аттуу 60 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун аймагында "Баха" аттуу жаран, “Бирөөдөгү карызыңды өндүрүп берем жана тендерге байланыштуу ишиңерди силердин пайдаңарга чечип берем” деп ишеничке кирип, 110 миң сом акчасын алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй качып жүргөндүгү айтылган. Арыздануучу буга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Шектүү жаран 2010-жылдан тартып Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары (Мыйзамдуу ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирет) каттоодо турган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында "Баха" 1-октябрда колго түшүрүлдү. Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын уруксаты менен анын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.



1 |