super.kg logo

Президент: "Шайлоодон жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргыз элине кайрылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди.

Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо - элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду.

Шайлоо адилеттигин - добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук.

Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик.

Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу - мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге жеңилген тарап да болот. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз.

Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы.

Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү - элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз.

Кимге добуш беребиз - ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу - өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: