super.kg logo

Доллардын сомго карата баасы төмөндөдү

 

Бүгүн, 2-октябрга карата АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы 79 сом 10 тыйынга чейин төмөндөдү. Доллардын сомго болгон наркы 18-сентябрдан бери алгачкы жолу түштү.

Ага ылайык, коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 79 сом 10 тыйындан 79 сом 25 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 79 сом 50 тыйындан 79 сом 60 тыйынга чейинки бааны түздү.

Ал эми акча алмаштыруу жайларында доллар 79 сом 53 тыйынга чейин көрсөтүлгөн.

Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 79 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Эксперттер доллардын куну түшүп баштаганда рубль өз позициясын бекемдеп баштаганын белгилешет. 2-октябрга карата рублдун баасы +1,81 пайызды кошуп, 1 сом 3 тыйынга чейин көтөрүлгөн.

Буга чейин Улуттук банк АКШ долларынын баасы көтөрүлүп жатканына байланыштуу 3 жолу интервенция жасаган. Алсак, 23-сентябрда 11 миллион 200 миң доллар, 25-сентябрда 19 миллион 600 миң доллар, ал эми 29-сентябрга карата жалпысынан 27 миллион 950 миң доллар сатылып, интервенция жүргүзүлгөн.

Өткөн аптада доллардын баасы 79 сом 79 тыйынды түзүп, 80 сомдук чекке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: