super.kg logo

"Бир Бол" партиясынын тарапташтары Нарында "Таза шайлоо" акциясын өткөрүштү

 

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Нарын шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева билдирди.

Ал шаардыктардын иш-чарага активдүү катышканын белгиледи.

“Үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен жыйынтыктап жатабыз. Бирок бул чек эмес, алдыда тазалык иштерин уланта беребиз. Партиянын программасында калк жашаган аймактардагы жашылдандырылган аянттарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу, Кыргызстанды желим буюмдардан арылтуу: желим баштыктарды сатууга тыюу салуу, желим буюмдарды тапшырууну стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Буюрса, шайлоодо ийгиликке жетишсек бул сунуштарды иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз”, - деди Зарина Чекирбаева.

Иш-чара шаардагы “Жеңиш” эс алуу жайында уюштурулуп, ага 50дөн ашуун киши катышты. Келгендер сейил бактын аймагындагы таштандыларды тазалап чыгышты.

Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол” №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: