super.kg logo

Шайлоо-2020: Эртең "жымжырт күнү". Бүгүн шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү

 
Бүгүн, 2-октябрда шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу "Президенттин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүндө жазылган.

Ага ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтору белгиленген.

Саясий партияларга акыркы күнү үгүт иштери жүргүзүү үчүн дагы 24 саат берилет. Расмий түрдө үгүт иштери 3-октябрь саат 08:00дө токтойт.

Буга байланыштуу БШКга "Үгүт иши токтогондо саясий партиялар кандай иш-аракеттерди жасашы керек?" деген суроо менен кайрылдык.

"Эртең, 3-октябрда эртең мененки саат 08:00дөн баштап өлкө боюнча бардык үгүт иштери токтотулуп, "жымжырт күнү" болот. Бул күнү жалпыга маалымдоо жана интернет-басылмаларына үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Саясий партиялар тарабынан "жымжырт күнү" бузулган учурда БШК аларга чара көрүүгө укуктуу", - дешти БШКнын маалымат кызматынан.

Ал эми "Шаарда толуп кеткен билборд, үгүт плакаттары алынышы керекпи?" деген сурообузга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева төмөндөгүдөй жооп берди.

"Шайлоо мыйзамдарында мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана орун-жайларынан тышкары жерлерде жайгаштырылган үгүт басылма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берген күнү мурдагы орундарында тура берет деп жазылган. Демек, билборддор алынбайт, бирок үгүт иши токтотулушу керек", - дейт Журабаева






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.10.2020. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле отсун эми шайлоо.
02.10.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч өтсө экен
02.10.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик партиялар парламентке тынч өтүп кетсе экен.
02.10.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети эле депутат жетет эле биздин олкого.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: