Караколдо эскертүүлөргө карабай иштеп жаткан ири тойканалар жабылып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды
Каракол шаарында бир нече ирет эскертүүлөргө жана салынган айып пулдарга карабастан ишмердүүлүгүн улантып жаткан ири тойканалардын иши тергөөгө алынды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Каракол шаарынын мэриясынын ыкчам штабы чечим чыгарганы маалымдалат.
Абал турукташканга чейин жана элдин санынын массалык чогулушун болтурбоо максатында:
- Шаардын аймагындагы чоӊ кафе-тойканалардын ишмердүүлүктөрү токтотулуп жабылсын (той-аштарды, куран окутуу, мааракелерди өткөрүүгө, жолугушуу кечелерди, юбилей, туулган күн өткөрүүлөр);
- Муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары өздөрүнүн райондорунда жайгашкан чоӊ кафе-тойканалардын ээлерине жана жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Комиссия тарабынан эшиктерине мөөр басылган кагаздар («ОПЕЧАТАНО») чапталсын;
- Чечимдин талабын бузгандарга ушул чечимдин негизинде Каракол шаарынын мэриясы тарабынан электр жарыгын өчүрүү боюнча наряд жазылып берилсин;
Маалым болгондой, жабылган тойканаларга карата сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.