super.kg logo

Алайдагы петроглифтер боюнча окуя. Зыян келтирген тараптарды мыйзам чегинде жоопко тартууга керектүү документтер даярдалды

 
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буга чейин массалык- маалымат каражаттарына чыккан Алай районундагы петроглифтеринин талкаланышы боюнча жеринен кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан петроглифтердин абалын жеринен иликтөө ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылганы маалымдалат.
"Териштирүүдө аталган аймактагы петроглифтер Кара-Суу районунун Ак-Жылга жайлоосундагы "Загара", "Калдырма" жергесиндеги "Көл" петроглифтери экендиги далилденди. Изилдөө учурунда бул аймакта бир канча мыйзамдуу жана мыйзамсыз көмүр кенин казган компания бар экендиги белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз негизде көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүп жаткан башка компания эч кандай уруксатсыз “Көл” петроглифтерин зыянга учуратып, жол куруу иштери жүргүзгөндүгүнө комиссия жеринен күбө болду. Жыйынтыгында, петроглифтерге кандай жана канча көлөмдө зыян алып келгендиги боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, акт түзүлдү. Ошондой эле зыян келтирген бардык тараптарды мыйзам чегинде жоопко тартууга керектүү документтер даярдалды. Мындан ары күнөөкөр тараптарды жоопкерчиликке тартуу үчүн жеринде даярдалган бул документтер укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
Мындан сырткары иштин жүрүшүндө петроглифтердин бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү, мындан ары сактоону толук камсыз кылуу иш-чаралары иштелип чыкты. Ал эми министр Азамат Жаманкулов мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында ар бир петроглиф жана эстеликтер эсепке алынып, ошол жайдын картасы жана коргоо зонасын аныктоо иштерин тез аранын ичинде иштеп чыгууну адистерге тапшырды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Ош облусунун Алай тоолорундагы Мурдаштын–Башы, Туура-Бел жана Көл тарыхый-маданий мурас эстеликтери көмүр кенин казуу учурунда талкаланып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
02.10.2020. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вандалдарды алып барып жалама аскага байлап туруп колдоруна молоток зубила берип аскага сурот чектириш керек.
02.10.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al-abu-kinesz,туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: