super.kg logo

Премьер-министр: "Бардык шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керек"

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов бардык шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Шайлоо күнү шайлоо участкаларына көп сандагы адамдар келет. Ошондуктан жарандар тарабынан бардык санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу керек. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, бардык участкаларга шайлоочулардын санына жараша дезинфекциялык каражаттар жана медициналык бет каптар жеткирилген. Жалпысынан 3 миллион 500 миң медициналык бет кап жеткирилген. Шайлоочу же шайлоо комиссиясынын мүчөсү болсун, ар бири санитардык талаптарды аткаруусу керек. Ошондой эле дезинфекциялык каражаттар боюнча маселе жаралбашы тийиш", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы эскерткендей, шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырылат.

"Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участкалары мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган. 5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участкасы жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек", - деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов билдиргендей, бардык жалпы билим берүү окуу жайлары Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: