2019-жылы 1 миллион тоннадан ашык тиричилик таштандылары чыгарылган. Анын көбү Бишкек шаарынан чыккан





2019-жылы коммуналдык чарба ишканалар тарабынан 1 миллиондон ашык тиричилик таштандылары чыгарылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 9,5 пайызга көп деп билдиришет Улуттук статистика комитетинен.
Жалпы чыгарылган таштандынын ичинен:
- Үй тиричилик таштандылары - 46 пайызды;
- Көчөдөгү жана сейил бактардан чыккан таштандылар - 15,3 пайызды;
- Ишканалардан чыккан таштанды - 19,8 пайызды түзгөн.
Эң көп таштанды Бишкек шаарынан 34,2 пайыз жана Ош шаарынан 30,5 пайыз чыкканы маалымдалат.
"Шаар тургундарынын 82 пайызы тиричилик тантандыларын таштанды контейнерге эмес, таштанды жаткан жерлерге чогулта беришкен. Ал эми айыл жергесинде таштандыдан көбүнчө жерге көмүү жана өрттөө менен тазалашат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.