super.kg logo

Үгүт иштеринин акыркы күнү: “Кыргызстан” партиясына 300 адам салтанаттуу түрдө мүчө болду

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүттөө иштеринин акыркы күнүндө “Кыргызстан” саясий партиясына 300 адам жаңы мүчөлүккө кабыл алынды.

Партиянын Бишкек шаарындагы борбордук штабында болуп өткөн иш-чарага, партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов жана партия лидери Канатбек Исаев катышып, жаңы мүчөлөргө парт билеттерди тапшырышты.

“Кыргызстан” партиясына кошулуп жаткан адамдардын саны күн сайын көбөйүп жатканын айткан партия лидери Канатбек Исаев буларга токтолду:

“Кыргыз эли үчүн ак кызмат кылып келе жаткан адамдардын биздин катарга кошулуп жатканы аябай кубандырат. Биздин катарга кошулушуңар менен “Кыргызстан” партиясы дагы да күчтөнүп, көп жетишкендиктерге жетет. Биз элдин колдоосу менен 4-октябрда жеңишке жетип, элибиздин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эмгектенебиз”.

Иш-чаранын соңунда символикалуу түрдө баш кошуп жаткан эки жашка парт билеттер тапшырылды. Партиянын лидери Канатбек Исаев эки жашка ак жол каалап, алардын мамилеси “Кыргызстан” партиясы сыяктуу туруктуу жана түбөлүктүү болушун каалады.

Андан соң иш-чаранын жалпы катышуучулары алакан жайып, эки жашты ак бата менен узатышты.

Бүгүнкү күндө “Кыргызстан” партиясынын жалпы 40 миңден ашык мүчөсү бар.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: