super.kg logo

Кочкор-Ата шаары: “Бир Бол” тазалыктын үлгүсү болду”

 

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Нурлан Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, “Таза шайлоо” акциясын өткөрүп, элге жакшы үлгү көрсөтө алышкан.

“Ишембилик Кочкор-Ата шаары жана Момбеков айыл өкмөтүндө өткөрүлдү. Чоң көчөлөрдү, эс алуучу жайларды, стадиондорду тазаладык. Бул иш-чара боюнча биздин гана партия башкаларга үлгү боло алды. Жергиликтүү тургундар “буга чейин мындай деңгээлдеги акция боло элек болчу, жакшы үлгү көрсөттүңүздөр” деп ыраазычылыгын билдиришти. Тазалык иштерин айыл жашоочулары улантып турарын белгилешти”, - деди Нурлан Кенжебаев.

Иш-чарага 60тан ашык киши катышты.

Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол” №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: