super.kg logo

Армения Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

 

Армения Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта Ереван Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотуу боюнча ЕККУнун (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык Уюму) Минск тобунун ортомчулугу менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргени айтылат.

"Армениянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан Тоолуу Карабахта күч колдонгонун жана согуштук аракеттерге Түркиянын катышып жатканын сындады. Билдирүүдө Ереван жаңжалды тынч жол менен чечүүнү жактай турганы, бирок Азербайжандын агрессиясына жооп кайтарууга кудуреттүү экени белгилеген.

Ал эми Баку Армян министрлигинин билдирүүсүнө карата комментарий бере элек. Ал арада Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь күнү эртең менен азери аскерлери Тоолуу Карабахтагы стратегиялык бийиктикти ээлеп алганын кабарлаган. Аймакта түнү менен атышуу болгонун Армения Коргоо министрлиги да тастыктаганы маалымдалат.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери армян-азербайжан жаңжалына Түркиянын кийлигишүүсү кырдаалды ого бетер курчутарын айтышууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабах аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жай тургундар мерт болгону кабарланууда. Тараптар бири-бирин чатакты ырбатканы үчүн айыптап жатышат.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Эл аралык коомчулук бул чатак башка өлкөлөр аралашкан аймактык согушка айланып кетет деп чочулап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.10.2020. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Армяндар да качан согуш болорун билип калышыптыр. Россиянын нефтиси тушсо Согуш болот экен .которулсо токтойт экен .Элге туурасын айтсан : аа сен патриот эмес экенсин .жогол деп жэмелеп ташташат экен .Ошончун тушунуктуу кенен кылыш керек .Бир нерсени айтсан эски тушунукту колдонбош керек : анализ кылынуу уйронуш керек ар бир акылы соо адам
03.10.2020. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок биздин ошол соо акылыбызды өзүбүзгө эле жумшап үйрөнсөк, саясатка, мындай майда- барат нерселерге коротпостон ар бирибиз өзүбүздү өнүктүрөлү туугандар. Ошондо эч кандай конфликт болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: