super.kg logo

“Бир Бол”, №13. “Таза шайлоо” акциясы Араванда

 

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Ош облусунун Араван районунда “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Мурат Көчөбаев билдирди.

“Биз табиятты таштандыдан арылтууну Араван районунун Араван-Сай айылында жайгашкан базардан баштадык. Базардын айланасы таштандыга бат эле толуп кетет. Бирок райондук экотехинспекция тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү иш-чара элге сабак болушу керек. Райондо тазалык акциясын өткөрүү менен жергиликтүү калкка дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. “Ар бирибиз таза болсок, коом дагы таза болот. Таштанды ыргытканың, өлкөгө зыян келтиргениң” деп айтып жатабыз. Буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин дагы тазалык ишембилик өткөрүп турабыз”, - деди Мурат Көчөбаев.

Иш-чарага 100гө жакын киши катышты.

Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты.
“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!

Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: