super.kg logo

Партиялар дебаты: Алгачкы суроо Адахан Мадумаров менен Улукбек Кочкоровду айтыштырды (видео)

 

Бүгүн, 2-октябрда КТРКда алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебаты уланууда. Бул ирет дебатка алты партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер келишти.

Алар - "Мекенчил", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Чоң Казат", "Бүтүн Кыргызстан", "Биримдик", "Замандаш" саясий партиялары.

Дебаттын катышуучулары:

"Мекенчил" саясий партиясынан - Камчыбек Ташиев,

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" - Акбөкөн Таштанбеков,

"Чоң Казат" саясий партиясынын лидери - Максат Мамытканов,

"Замандаш" саясий партиясынын лидери - Жеңиш Молдокматов,

"Биримдик" саясий партиясынан - Улукбек Кочкоров,

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери - Адахан Мадумаров.

СУРОО: Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн биз жоопкер өкмөт деп айтабыз. Бирок ошол өкмөттү кураган, өкмөттүн башчысын бекиткен, өкмөт колдонуп өлкөнү өнүктүрүү үчүн ишке ашыра турган мыйзамдар, чечимдер ошол парламентте кабыл алынат. Бирок өкмөттүн ишинин натыйжасына жоопкерчилик парламентке алынбайт деген дооматтар көп айтылат. Улам бир премьер-министрди кызматтан алуу менен гана чектелип, жоопкерчиликтен качуу өзүнчө бир ыкмага айланып калгандай. Кандай жол менен сиздердин партия аткаруу бийлигинин ишинин натыйжасына парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциялар же көпчүлүк орунду ээлеген партия жоопкер болгондой ишке жетише алат?

Камчыбек Ташиев: "Бийликтин жоопкерчиликсиз мамилесине пандемия учурунда да күбө болдук. Бул учурда өкмөт башчыларыбыз жоопкерчиликсиз мамиле жасады. Эл кыйналган учурда, бийликти карап турду. Өкмөт башчы Абылгазиев пандемия башталгандан кийин эле себепсиз жумушун таштап кетти. Бул адамдардын парламентте түзгөн коалиция премьер-министр өзү баш болуп жооп бериши керек".

Акбөкөн Таштанбеков: "Биринчиден жоопкерчилик. Мисалы, ошол ким шайланса ошолор күнөөлүү, тагыраагы партияны түзгөндөр. Себеп дегенде ошолор портфелдерди бөлүп алган. Ар бир министрликтин артында бир партия турат, демек ошонун өкүлү турат. Шайланган партиялар премьер-министр ошол бүгүнкү шайланып аткан партиялардын программалары менен баруу керек. Ошол программалар өкмөт жасай турган иш болуп жатат да. Жоопкерчилик парламентте болуш үчүн мыйзамдан президенттик институтту жоюу керек. Ошондо кылган иштерине түздөн-түз өкмөт жооп берет".

Максат Мамытканов: "Эгерде партиялар жеңип чыгып, коалициялык түрдө өкмөттү шайлагандан кийин ошол коалицияда өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык иш алып барат. Эгерде принципиалдуу программасына так жооп бере турган, элге иштей турган партия болсо кайсы гана коалиция болбосун ишин так аткарышы керек. Мыйзамдын чегинде, эгерде коалиция ичинде мыйзам бузуулар болсо ачык эле көтөрүп чыгып, жоопкерчиликти көрсөтүш керек".

Жеңиш Молдокматов: "Бийликке канчалык күчтүү партия келбесин, канчалык күчтүү премьер-министр келбесин баарында президенттин колу менен тизгини турат. Ошондуктан жакынкы келечекте "Замандаштын" максаты Конституциялык реформага баруу. Мамлекеттин ичинде бир жооптуу адамды дайындоо. Аткаруу бийлигин бир кишинин колуна салып бермейин парламент дагы, аткаруу бийлиги да, өкмөт дагы жоопкерчиликсиз мамиле жасай берет".

Улукбек Кочкоров: "Мына акыркы 10 жылдан бери иштеп аткан Конституциянын негизинде ушундай жоопкерсиздик, баш аламандык бийлик орноп калды. Ошондуктан мына бүгүн сиздер туура айтасыздар, Жогорку Кеңеш эч нерсеге жооп бербейт. Биринчиден, коалициялык көпчүлүктүн жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам керек болуп турат. Бул ар кандай келишим менен эмес, мыйзам менен жөнгө салынышы керек. Экинчиден ушул иштин жоопкерчилигине байланыштуу мыйзам кабыл алуу керек. Конституциялык реформага барышыбыз керек. Бул боюнча дагы биздин программабызда иштер бар".

Адахан Мадумаров: "Бул жердеги жигиттердин Конституциялык реформага барышыбыз керек дегени мени кубандырат, булар 2 аптадан бери эле ушундай ойду айта баштады. Биз болсо он жылдан бери эле айтып жүрөбүз, биздин партия позициясын эч качан алмаштырган эмес. Бүгүн айдан түшкөндөй болуп Конституцияны өзгөртүш керек экен, бир кишиге жоопкерчиликти жүктөш керек экен деп жатышат. Он жылга чейин башкарып келишти го, эч нерсеге карабай, эми өлкө туңгуюкка келгенде чапанын алмаштырып, бири "Биримдик" деп, дагы бири бир нерсе деп беттерине чүмбөттөнүп алгандардан сак болгула.

Мен жолун сунуштайм, партиянын накта жетекчиси келсе жакшы болот эле, жетекчилер келген жок, булар садага чабылып кетет. Партиянын накта жетекчилери жашырынбастан келсе жакшы болмок".

Кочкоров ага жооп кылып: "Адахан Кимсанбаевич, азыр сиз Социал-Демократтар деп мага доомат айтып жатасыз, менин ага тиешем жок, ал партиядан качып кеткендер силерде деп жатасыз, ошол эле Курсан Асанов жана башкалар сиздердин партиядан орун алып отурат. Биздин партия жеке адамдын партиясы эмес, ал каалаган адамын алып, чыгара албайт. Ар бир аймакта өкүлдөр бар, жалпылап чечим кабыл алабыз".

Мадумаров: Калп айтып жатасыз, силерде жок андай.

Кочкоров: Билбей эле айта бересизби, сиз билбейсиз.

Мадумаров: Мен керемет билем. Эң таза Рамазан айы болсо, эң калпычылардын айы үгүт айы. КСДПдан качкандын баары силерде.

Кочкоров: Силерде да бар андай качкындар.

Мадумаров: Жетекчиңер ким?

Кочкоров: Бүгүн Аманкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
02.10.2020. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
8
02.10.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бүтүн кыргызстан
02.10.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Азаматсың Улукбек Кочкоров!Үзөнгү Куушту сатканын унутуп койгон Адаханды ордуна койдуң.А.Мадумаров эми эле сүттөн ак, пахтадай таза болуп чыга калганын кантейин.
02.10.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
kadam,сен Кара кулжадан окшойсун урматту окурмандар партия биримдикти и партия Кыргызстанды колдобогула партия Мекенчил же Ыйман Нуру же Бутун Кыргызстанды колдогула жок эле дегенде Чон казатты алып чыккыла болбосо башкасы олкобузду кууратат
02.10.2020. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Мадумаров жаман нервный кишида))
02.10.2020. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Олкобуз коншулардан коркпой жашасын десенер Мекенчилдерди колдогула Баткен Эли менимче жакшы тушунот сасыган тажиктер менен согушуп тажады Ташиев бул тазиктердин чумосун чыгарат Ыйман Нуру бул тазалык адилеттулук динибиз кандай таза болсо Ыйман нурунда ото ыймандуу адептуу илимдуу инсан бар Нуржигит Кадырбеков бул партияны дагы колдойлу анан Бутун Кыргызстанды ушул уч партия Эл учун куйот Жана иштейт калгандары жарабайт айрыкча Биримдик и Кыргызстан и Республика ушулар
02.10.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
8
02.10.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген программа? Жонэле талкуу кылбайбы дейм да, раундду жок эле.
03.10.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биримдик кой терисин жамынган куу иттер!!!
03.10.2020. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эч кимге ишенбегиле озунорго ишенгиле" деген партия чыгабы? Же озубуз жок болуп кете берелиби?. Табышмак тунгуюк жашоо. Устазыбыз Чубак ажы мактаган Нуржигит кадырбеков баштаган Ыйман нуру партиясына умут арткандан башка пайда жок. Аллахтан корккон пенде элин, жерин, динин суусатпайт. Биз колдойбузбу, колдобойбузбу, бизге муктаж эмес жараткан чечет. Журоктогу чечим эн туура чечим...
03.10.2020. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ото оор кырдаалда чече турган чыныгы баатыр, чыныгы чечен, чыныгы корогоч эр журок керек. Умутум очту. Ыйман нуру партиясы умут артам. Акыркы кадам.
03.10.2020. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мадмаров оору жок деп жоголду эле Эми кайра шайлоодо чыга Келли. Ай билбейм кимге ишеништида.
03.10.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Только БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН 8
03.10.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бутун Кыргызстан,Мекенчил,Чон Казат ушул 3 партияны гана шайланыздар!
03.10.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бутун Кыргызстан Алга 8
03.10.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мадумаров алга)алга
03.10.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бутун Кыргызстан 8888
03.10.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Куч Биримдикте
03.10.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биримдик алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: