"Ооруканалар эшигин ачпай, бейтаптарды кабыл албай койгон учурлар мындан ары кайталанбашы керек" дейт өкмөт башчы
Премьер-министр Кубатбек Боронов бир дагы бейтап медициналык жардамсыз калбашы керектигин республиканын медициналык мекеме жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуу учурлары көбөйүп жаткандыгы байкалууда.

Кубатбек Боронов профилине карабастан медициналык "Тез жардам" станциялары жана башка медициналык мекемелер ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну тапшырды.
Премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек шаардык медициналык мекемелеринин биринде көп тармактуу күнү-түнү иш алып барган медициналык "Тез жардам" станциясынын ооруканасын түзүүнү тапшырды, анда бейтапка ыкчам тартипте көмөк көрсөтүп, дартын аныктап, андан соң тармактык мекемеге жөнөтүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы белгилегендей, учурда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү – саламаттыкты сактоо тутумунун негизги милдети болуп саналат. Бирок бул башка оорулуулар адистештирилген медициналык көмөктөн сыртта калат дегенди түшүндүрбөйт.
Кеңешменин жүрүшүндө медициналык "Тез жардам" бригадаларынын ишин өркүндөтүү жана заманбап технологиялардын жардамы аркылуу медициналык мекемелер аралык өз ара аракеттешүү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча план көрсөтүлдү.
Кеңешменин катышуучулары пандемия жана COVID-19 боюнча абалдын курчушу ыктымалдуулугун эске алуу менен өлкөнүн шаар жана аймактарында саламаттыкты сактоо тутумунун ишин жакшыртууга багытталган бир катар чараларды сунуштады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















