super.kg logo

Улуттук тил комиссиясы макалалар сынагын жарыялады

 

"Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аталышындагы макалалар сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сынак "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулууда.

"Бул сынак мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тилдин ролун, маанисин ачып берип, аны коомчулукка жеткирүү үчүн жарыяланды. Анын дагы башка максаты эне тилин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жолдорун издөө, элдин мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу жана тилди өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткандарды даңазалоо болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, аталган темадагы макаланы бардык каалоочулар жазса болот. Анын санына жана көлөмүнө чектөө коюлбайт.

Сынак 15-октябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды. Толук маалымат алам дегендер 0312 31-57-73, 0550 15-74-53 номерлерине чалып же аталган комиссиянын расмий сайтынан билсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: