Соңку суткада медицинанын 10 кызматкери илдет жуктуруп алганы аныкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицинанын 10 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындай маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары – 1;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 6 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3 миң 304 кызматкерге коюлуп, алардын ичинен 3 миң 38и айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.