super.kg logo

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан чет элдик байкоочулар эл аралык өчпөс отко гүл коюшту

 

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жана Орусиянын депутаты Константин Затулин Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен биргеликте жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюшту.

"КМШ кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий белгилегендей, алар ар дайым гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш үчүн өмүрүн арнаган адамдардын элесине таазим кылышат. Коноктор жана вице-мэр таазим кылып, гүл коюшкандан кийин байкоочуларды ардактуу кароол тосуп алды", - деп айтылат маалыматта.

Өчпөс от мемориалы - Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналып коюлган архитектуралык-скульптуралык композиция. Ал 1985-жылы орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: