Ошто "добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүрүшөт" деген факты аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө
Ош облусунда парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын бири тарабынан добуш сатып алуу үчүн акча таратылып жатканы аныкталды. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын Ош ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында саясий партиянын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүргөндүгү жөнүндө маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 192-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө партиянын өкүлдөрү Кара-Кочкор айыл аймагынын 26 жаштагы А.М. жана 53 жаштагы К.А. аттуу тургунуна кайсы бир саясий партиядан депутаттыкка талапкер болгон жаранга добуш берүү үчүн 20 миң сом акча тапшырышкан. Ошондой эле шайлоо күнү дагы кошумча берилерин айтышкан. Берилген акча каражаты тергөө кызматы тарабынан далил буюм катары алынды. Топтолгон материалдын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
rola

03.10.2020. 18:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Андай акча алгандар толтура.Булар биринчи же акыркысы эмес.
zhigitaly

03.10.2020. 20:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тилекке каршы бул шайлоодо да сатылып атат экен да анан кейийбиз
elinur

03.10.2020. 22:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баары эски карышкырлар алар сатып алып уйронуп калышканда
zam81

03.10.2020. 23:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчасын алдын 5жыл Эми кейибей жашайсынар
Ariz0112

04.10.2020. 11:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1000 сом алып шайласа эле байып кетеби тообо адамдарга да түшүнбөйсүн келечегин ойлонбогон оңолбогон адамдар сатылып ошол сатып алгандарды кутуртат да
Abdinazar-Zholdoshbaev

04.10.2020. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл, мекеним деп жургондор какшап эле атат сатылба деп булар болсо смело акча алып сатылып журот айбандар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.