super.kg logo

Бүгүн шайлоо күнү. Маршруттук каттамды күткөн эл, чакырууга келбеген такси кызматы (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өтөт.

Буга карата Бишкек шаарында 29 шайлоо участкасы даярдалган. Ага ылайык, шайлоо участкалары өз ишин таң эрте саат 08:00дө башташат.

Ал эми шайлоочуларды кабыл ала тургандар ал жерде саат 06:30га чейин болуп калышы керектигин №23 мектепте түзүлгөн шайлоо участкасына байкоочу катары бараткан атын атагысы келбеген жаран билдирди.

"Биз байкоочулар 06:30га кечикпей барып, даярданып башташыбыз керек эле. Бирок эртең менен маршруттук каттам жок. Ал эми менчик фирмалардан такси чакырганыбызда 3 жолу берген буюртмабыздан баш тартылды. Шайлоо күнү жарандардын көбү эрте чыгары маалым. Буга карата транспорт маселесин чечип коюшса болмок", - деп нааразычылыгын билдирди.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн бири ал күткөн маршруттук такси көп убакыттан кийин келгенин, анын айдоочусунан эмне үчүн каттам аз болуп жатат деп сураганда, көбү бүгүн буюртмага чыгып кетишкен деп жооп берген.

Ошондой эле көп убакыт күттүрүп келген такси кызматынын айдоочусу "бүгүн таңкы саат төрттөн баштап иштеп жатабыз, буюртма абдан көп" деп себебин түшүндүрдү.

Мындан тышкары 28 мамлекетте 44 шайлоо участкасы түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрга карата катталган шайлоочулардын саны 2 миллион 973 миң 525ти түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: