super.kg logo

Вице-премьер-министр шайлоо участкаларында санитардык эреже бузуу катталса, кайсы жакка кайрылыш керектигин айтты

 

Бүгүн, 4-октябрь шайлоо күнүнө карата вице-премьер-министр Акрам Мадумаров эгерде санитардык жана башка талаптар аткарылбай жатса, кайсы жакка кайрылуу керектиги туурасында брифингде билдирди.

"Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү, өлкөдө жана дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясына байланышкан кырдаал орун алып жатканда, бардык шайлоочуларды эпидемиологиялык абалды начарлантпашы үчүн социалдык аралыкты жана бет кап тагынуу тартибин сактоого чакырам", - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

Шайлоо участкаларында санитардык талаптарды бузуу учурунда, ошондой эле техникалык-уюштуруу көйгөйлөр боюнча кайрылуу жана даттанууларды кабыл алуу боюнча колл-борбор саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Төмөнкү телефондар аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312-66 28 58; 0312-62 51 19, 0312-66 28 51, 0312-96 14 54, 0312-66 61 97.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: