Ошто 3 партиянын байкоочу өкүлдөрүн чыгарып салып, киргизбей жатат деген видео тарады
Оштогу Манас-Ата кичи шаарчасындагы №5303 участкасында "Мекеним Кыргызстан", "Замандаш" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоого байкоо жүргүзө турган өкүлдөрүн сыртка чыгарып салышып, кайра киргизбей жатышат. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
"Мен деген байкоочумун да, ичинде отурушум керек эле. Биз мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы тууралуу айтсак, чыгарып салышты. Добуш деген жашыруун берилиши керек да, булар кабинанын жанына барып алып ар бирин карап турушат. Шайлоочулар ары баргыла, карабагыла десе дагы болбой туруп алышты. Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын байкоочусу болом. Менин дагы жанымда "Замандаш" анан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын байкоочулары бар, үчөөбүздү тең тополоң кылып жатасыңар деп чыгарып салышты. Биз тополоң кылбай эле түшүндүрүп айтып жатканбыз. Добуш жашыруун болуш керек, мыйзам сакталбай жатат", - деп билдирди өзүн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын байкоочу өкүлү деп тааныштырган жаран.
"Мен "Мекеним Кыргызстан" партиясынын байкоочусу болом, мени дагы күч колдонуп чыгарып салышты. Мыйзам бузуу болду, биз айттык. Анан эле бизди ызы-чуу кылбагыла деп чыгарып салышты. Телефонго дагы эч нерсе тартпагыла дешти. Бул жерде купуялуулук сакталган жок. Ар бир партиядан бирден өкүл болуш керек дешкен да, мына бизден эми эч ким жок ал жакта", - деп билдирди "Мекеним Кыргызстан" партиясынын байкоочусу.
"Азыр кайра кирели деп кылган аракетибизден майнап чыкпай жатат. Бизди кубалап эле чыгып салышты да", - деп айтты "Замандаш" партиясынын байкоочу өкүлү.





1 |